4-декабрда Кыргызcтанда “Манас” эпосунун күнү белгиленип жатат. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды куттуктап, эпосту жайылтуу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, 2021-жылы “Манас” театры ачылып, ушул жылы ага “улуттук” деген макам ыйгарылып, манасчылар, дастанчылар жана төкмө-акындар үчүн шарттар түзүлгөн.
“Манас” эпосу “Манас”, “Семетей” жана “Сейтек” үчилтигинен турат. Эпостун манасчы Сагымбай Орозбаковдон 1920-жылдары жаздырылып алынган 19 миң саптан жана манасчы Саякбай Каралаевден жаздырылып алынган 937 миңден ашуун саптан турган варианты классикалык болуп саналат.
2013-жылдын 4-декабрында “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтиги ЮНЕСКОнун “Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын” тизмесине кирген. 2015-жылы өкмөттүн токтому менен 4-декабрь “Манас” эпосунун күнү деп жарыяланган. (BTo)