Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:36

Кыргызстандыктар Экибастузга жардам чогултууну улантууда


Экибастуз шаары. 2022-жылдын 28-ноябры.
Экибастуз шаары. 2022-жылдын 28-ноябры.

Казакстандын Павлодар облусунун Экибастуз шаарынын тургундарына жардам берүү үчүн кыргызстандыктар 20 400 сом жардам чогултту.

Бул демилгени көтөрүп, уюштуруу иштери менен алектенип жаткан экоактивист Исмаил Карыпов каражат бир күндүн ичинде топтолгонун, акча чогултуу уланып жатканын айтты.

Казакстандын түндүгүндө жайгашкан Экибастуз шаарында 27-ноябрда Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) агрегаттын түтүктөрү жарылган. Авариянын айынан 30 градус суукта шаардын 150 миңдей калкы жылуулуксуз калды. Шаарда өзгөчө кырдаал жарыяланып, облус башчысы иштен алынды.

Экибастузда 150 миңдей калк жашайт. Шаарда көмүр өндүрүшү жана электр энергетикасы өнүккөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG