Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Баткенде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты


Көк-Таш айылы. Архивдик сүрөт.
Көк-Таш айылы. Архивдик сүрөт.

3-декабрда кыргыз-тажик чек арасында жергиликтүү тургундардын ортосунда чыр чыгып, эки тараптан тең адамдар жараат алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди. Анын сөзүнө караганда, Баткен районундагы Көк-Таш айылына тушташ аймактагы окуя түшкү саат 12лерге жакын болгон.

“Согд облусунун губернатору Раджаббой Ахмадзода менен сүйлөштүм. Тынчтыкты кармайбыз деп тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жолугушуу өткөрүп жатат. Абал тынч. Адамдар бири-бири менен айтышып уруша кетип, соңунда таш ыргытышкан”, - деди Алимбаев.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 3-декабрда кыргыз жараны Тажикстандын Сомониён айылы аркылуу Кыргызстандын Дахма участкасын көздөй өтүп баратканда "тажикстандыктар ага орой сөздөрдү айтканын", натыйжада эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда мушташ чыгып, таш ыргытууга чейин жеткенин билдирди.

“Азаттыктын” тажик кызматы (“Озоди” радиосу) окуя болгон Тажикстандын Чоркух жамаатына караштуу Сомониён айылынын тургундарына шилтеме кылып, "кыргыз тараптан тажик жаранына таш ыргытылганын", айылдын бир тургуну ур-токмокко алынганын, андан соң чакан чуу чыгып кеткенин кабарлады.

Окуя тууралуу Тажикстандын бийлиги расмий билдирүү тарата элек. Чоркух жамаатынын бийлик өкүлдөрү Сомониён айылына келип, окуяны териштирип жатышканын, учурда аймакта кырдаал туруктуу экенин “Озоди” радисуна айтышкан.

Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жаңжалдан Кыргызстандын жараны Нурсултан Сайфулло уулу жараат алып ооруканага жеткирилгенин билдирди. "Озоди" радиосу Тажикстандын жараны Хизбулло Окилзода жараат алып ооруканага түшкөнүн жазды.

Президент Садыр Жапаров 26-ноябрда Элдик курултайда кыргыз-тажик чек арасы боюнча коңшу өлкө менен мунаса табылганын, жакында эки тараптуу сүйлөшүү Кыргызстанда өтөрүн жана анда тиешелүү документтерге кол коюлгандан кийин парламентке алынып келерин айткан.

Быйыл 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Кыргызстандын 63 жараны курман болгон. Анын 48и аскер кызматкери, 15и жергиликтүүлөр. Андан тышкары 206 киши ар кандай жараат алган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирсе, “Озоди” өз булактарына таянып, каза болгон делген 80ден ашык кишинин тизмесин жарыялаган. (BTo/JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG