Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:57

“Проект” басылмасы: Кара деңиз флоту аскер күчтөрүнүн 15% жоготту


“Москва” аскердик кемеси, архивдик сүрөт.
“Москва” аскердик кемеси, архивдик сүрөт.

“Проект” басылмасы Орусиянын Кара деңиз флоту Украинада согуш башталгандан бери аскер күчтөрүнүн 15% жоготконун билдирди.

Басылманын маалыматы боюнча, Орусия Украинага кол салганга чейин Кара деңиз флотунда 275 кеме болгон, анын 58и согуштук. Патрулдук катерлерди кошкондо, флоттун курамында 74 согуштук кеме бар болчу.

“Проект” маалыматтарды иликтеп чыгып, согуш башталгандан бери Кара деңиз флотунун кеминде 12 кемеси жана катери чөгүп же катуу жабыркаган деген жыйынтык чыгарды.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украина менен болгон согушта флоттун жалпы жоготуулары тууралуу маалымат бере элек.

13-апрелде Кара деңиз флотунун “Москва” аскердик кемеси чөгүп кеткен.
Украина крейсерге ракетадан сокку урганын билдирсе, Орусия кеме өрттөн улам чөгүп кеткенин кабарлап, Киевдин маалыматын четке каккан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG