Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:01

Саратовдогу стратегиялык аэродромго учкучсуз учак кулады


ТУ-95. Иллюстрация.
ТУ-95. Иллюстрация.

5-декабрда эртең менен Орусиянын Саратов облусундагы аэродромдун учуп-конуу тилкесине белгисиз учкучсуз учак кулап түштү. Бул тууралуу Baza телеграм каналы булактарга шилтеме кылып кабарлады.

Astra басылмасы жазгандай, аппарат Энгельс шаарына жакын жердеги стратегиялык өзөктүк күчтөрдүн курамына кирген авиабазага кулаган. Андан эки ТУ-95 бомбалоочу учагы зыян тарткан. Эки аскер жаракат алып, ооруканага жаткырылган.

Энгельс жана Саратов шаарларынын тургундары таңкы саат алтыларда катуу жарылуунун үнү угулганын социалдык тармактарга жазышууда. Анын себептери азырынча белгисиз. Басылма жарк эткен жана жарылууга окшош үндөр жазылган видеону жарыялады.

Саратов облусунун губернатору Роман Бусаргин турак-жай жана жарандык инфратүзүмдөр зыян тартпаганын Телеграмга жазып, окуяны укук коргоо органдары текшерип жатканын билдирди.

Андан тышкары, РИА Новости чукул кызматтарга таянуу менен Рязанга жакын аэродромдо күйүүчү май ташыган унаа жарылганын маалымдады. Андан үч адам каза болуп, алтоо жараат алган. Бир учак жабыркаган.

Жергиликтүү маалымат каражаттары жана социалдык түйүн колдонуучулары аскердик учактар жайгашкан Дягилево аэродромунда жарылуу болгонун кабарлашты.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге Саратов жана Рязань облустарындагы окуялардан президент кабардар экенин билдирип, комментарий үчүн Коргоо министрлигине кайрылууну сунуштады. Коргоо министрлиги азырынча үн ката элек.

Украинанын президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк Твиттерге "Эгер башка өлкөнүн аба мейкиндигине кай бир нерсени тез-тез учура берсе, эртеби-кечпи белгисиз учуучу объектилер учуп кеткен жерине кайтып келет" деп жазды.

Декабрдын башында Германиянын Der Spiegel басылмасы Орусия стратегиялык бомбалоочу учактардын катышуусунда Украинага жаңы жапырт ракеталык чабуул даярдап жатышы мүмкүн экенин жазган. Ошондой эле Саратовго жакын жердеги "Энгельс-2" аскердик аэродромунун спутниктен тартылган сүрөттөрү жарыяланган. Эксперттер аэродром күчөтүлгөн аскердик даярдыкта экенин айтышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG