Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:42

Бир айда Орусиядан 16 кыргыз жаранынын сөөгү келди


Москва. Иллюстрациялык сүрөт.
Москва. Иллюстрациялык сүрөт.

Соңку бир айда Орусиядан мекенине 16 кыргызстандыктын сөөгү жөнөтүлгөнүн 6-декабрда Кыргызстандын бул өлкөдөгү элчилиги кабарлады.

Мекеме ноябрь айындагы иши тууралуу отчетун жарыялап, бул айда элчиликтин кызматкерлери кыргыз жарандары кабылган окуяларды териштирүүгө 55 жолу катышып, миграциялык мыйзамдарды бузууга шектүү 26 кыргызстандыкты бошотууга жардам беришкенин билдирди. Воронеж, Тверь, Оренбург, Рязань, Липецк облустарындагы абактарда жаткан 85 кыргыз жаранынын ар бири менен жолугушуу уюштурулган.

Жети миллион калкы бар Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны чет мамлекеттерде жашашат, алардын басымдуу бөлүгү Орусияда иштеген эмгек мигранттары.

Элчиликтин маалыматы боюнча, октябрда Орусиядан 15, сентябрда 21, августта 31 кыргыз жаранынын сөөгү репатриация болгон.

ТИМдин расмий маалыматына караганда, былтыр Кыргызстанга четтен 540 адамдын сөөгү “Жүк-200” болуп келген, быйыл алгачкы беш айда 292 мигранттын сөөгү жеткирилген. (RK)

XS
SM
MD
LG