Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:11

Бадахшанда Саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси кармалды


Фарид Музаффаров
Фарид Музаффаров

Тажикстандагы Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Фарид Музаффаров коррупцияга шек саналып кармалды.

Бадахшан администрациясы жогорку кызматтагы чиновниктин кармалганы жөнүндө маалыматты тастыктады.

“Музаффаров коррупцияга шектелүүдө, анын ишин облустук прокуратура иликтеп жатат. Фарид Музаффаров ээлеген кызматынан бошотулду. Тергөө аяктаганга чейин кылмыш ишинин чоо-жайын айта албайбыз”, - деп маалымдады облустук администрация.

Музаффаров 30-ноябрда Хорогдо кармалганн. Ал жергиликтүү дарыгерге эки кызмат чегерип, “ашыкча” маянаны бөлүшүп жүргөнү айтылууда.

Кармалган аткаминер адвокат менен камсыздалганбы же жокпу, белгисиз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG