Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:18

ЕАЭБдин жыйынынан улам Бишкекте жол кыймылына чектөө киргизилет


Бишкек.
Бишкек.

Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына байланыштуу Бишкекте 8-10-декабрь күндөрү айрым көчөлөрдө жол кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Ошол күндөрү "Манас" аэропортунан баштап, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына чейинки жолдор маал-маалы менен жабылып турат. Андан тышкары резиденциядан Дооронбек Садырбаев көчөсү менен "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине чейинки жолго да чектөө киргизилет.

9-декабрда Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйыны өтөт. Анда Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин башчылары учурдагы экономикалык абалды, ошондой эле евразиялык мейкиндиктеги интеграциянын актуалдуу маселелерин талкуулашат. Жыйында биримдиктин ишин жөнгө салуу багытында бир катар документтерге кол коюлары кабарланган.

Ал эми Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстандагы мамлекеттик сапары 10-декабрда башталат.

XS
SM
MD
LG