Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Ооганстанда мунайчылар бараткан автобус жардырылды


6-декабрда Ооганстандын түндүгүндө мунайчыларды ташыган автобус жардырылганда кеминде беш киши набыт болду. Дагы төрт киши жараат алды.

Окуя таңкы саат жетилерде Мазари-Шарифте болгон. "Талибан" полициясынын Балхтагы коопсуздук штабынын басма сөз катчысы Асиф Вазири билдиргендей, Хиратан мунай департаментинин кызматкерлерин ташыган автобуста бомба жарылган.

Азырынча бул окуянын артында ким турганы белгисиз. Жакында Кундуз шаарындагы шииттердин мечитинде 46 киши мерт болгон бомба чабуулу үчүн "Ислам мамлекети" террордук тобу жоопкерчилик алган.

Былтыр август айында Ооганстандагы бийликти ээлеп алган "Талибандын" өкүлдөрү "Ислам мамлекети" террордук тобун ооздуктай аларын белгилеп келишет. Бирок бул топ уюштурган соңку чабуулдар Ооганстандагы туруктуулукка байланыштуу кооптонууларга жол ачып койду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG