Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Кадамжай: Машинадагы жарылуунун чоо-жайы иликтенүүдө


Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

Баткен облусунун аймагында газ баллон орнотулган жеңил машина жарылганын 7-декабрда “Азаттык” радиосуна облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 6-декабрда Кадамжай районунда болгон, машинанын ичинде төрт өзбек жараны бараткан.

““Деу-Лассети” үлгүсүндөгү автоунаасы Риштан – Сох автожолунун 16-километринде, тактап айтканда, Миң-Чынар айылынын батыш тарабын көздөй баратканда унаанын кыймылдаткыч жагына орнотулган газ баллон кокусунан жарылып кеткен”, - деп билдирди милиция.

Кырсык болгон учурда машинанын ичинде бараткан адамдардын эч кимиси жабыркаган эмес.

Факт Кадамжай районунун маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү жүрүп жатат. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG