Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:58

ИИМ: 40 миң машинага эсептелген Бишкекте 500 миңдей автоунаа бар


Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Көчөлөрү 40 миң автомашинага эсептелген Бишкекте бүгүнкү күндө 500 миңдей машина бар. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов билдирди.

Бишкектеги тыгын көйгөйүн чечүү айласы катары ал кошумча жолдорду куруу жана унаа токтотмолорун ачуу керек экенин айтты:

“Канчалык биз светофор койбойлу, көчөлөрдү кеңейтпейли, эң биринчи маселе – токтотмонун жоктугу. Көчөнү кеңейтсек деле токтотмо жок болгондуктан эки бетине айла жок машинасын коюп жатышат”.

Бишкекте соңку жылдары автомашина көбөйгөндүктөн эртең менен жана кечкисин, айрыкча суук түшкөндө унаа тыгыны көйгөйгө айланууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG