«Кумтөр голд компани» ишканасы Кыргызстандын карамагына өткөндөн берки анын алтын казуу, сатуу ишин жана компаниянын ишмердүүлүгүн изилдей турган депутаттык комиссиянын иши үзгүлтүккө учурап жатканы тууралуу маселени бүгүн 7-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Арсланбек Малиев көтөрдү:
«Биз бешинчи күнү чогулганга аракет кылдык. Тилекке каршы, кворум болбой калды. Болбосо комиссиянын ишин токтотуш керек, себеби берилген үч айлык мөөнөт өттү».
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев комиссия мүчөлөрүн бүгүнтөн калбай чогулуп, бир чечимге келүүгө чакырды:
«Же токтотолу, же ишти баштайлы. Коомчулук карап турат».
29-сентябрда түзүлгөн комиссиянын курамына 13 депутат кирген – Исхак Масалиев, Жанарбек Акаев, Адахан Мадумаров, Нилуфар Алимжанова, Нурланбек Шакиев, Улукбек Ормонов, Надира Нарматова, Мурат Мураталиев, Шайлообек Атазов, Максат Сарбагышев, Арсланбек Малиев, Жусупбек Коргонбай уулу жана Балбак Түлөбаев. Төрагалыкка тандалган Масалиев кийин бул комиссияны жетектөөдөн баш тарткан.
Депутаттык комиссиядан тышкары бир катар оппозиционер саясатчылар кирген коомдук комиссия да түзүлгөн жана аны Азимбек Бекназаров жетектеген. Бекназаров жана башка бир катар мүчөлөр кийин Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакка алынышкан. (RK)