Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

Катар-2022: Марокко Испанияны утуп, чейрек финалга чыкты


Нидерланддар чейрек финалга өткөнүн майрамдап жатат.
Нидерланддар чейрек финалга өткөнүн майрамдап жатат.

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын 1/8 финалдык беттештери бүтүп, чейрек финалдагы атаандаштар аныкталды. 6-декабрдын кечинде Испания менен Марокко курама командалары беттешип, 90 мүнөттүк оюнда бир да гол киргизе алышкан жок.

Аргентиналык калыс Рапаллини Фернандонун кошумча берген жарым сааттык убакытта да эсеп өзгөрүүсүз калды. Кийин пенальти тебүүдө марокколуктар 3:0 эсеби менен жеңишке жетишти. Испаниялыктар Марокконун дарбазасына бир да гол киргизе алышкан жок.

Испания 2018-жылы Орусияда өткөн дүйнө чемпионатында да дал ушул 1/8 финалдык беттештин пенальтилер сериясында орусиялыктарга жеңилген.

7-декабрга караган түнү Португалия менен Швейцариянын беттеши өттү. Португалиялыктар 6:1 эсеби менен жеңип, чейрек финалга бет алды.

1/4 финалдын оюндары:

  • Хорватия – Бразилия, 9-декабрь, 21:00дө (Бишкек убактысы боюнча)
  • Нидерланддар – Аргентина, 10-декабрь, түнкү саат 1де
  • Марокко – Португалия, 10-декабрь, 21:00дө
  • Англия – Франция, 11-декабрь, түнкү саат 1де

14-15-декабрда жарым финалдык беттештерди, 3-орун үчүн болгон оюнду 17-декабрда көрөбүз. 18-декабрда чемпионаттын финалдык оюну өтөт. (TAb)

XS
SM
MD
LG