Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Индонезияда никесиз жыныстык катнашка барууга тыюу салынды


Индонезияда тартылган сүрөт.
Индонезияда тартылган сүрөт.

Индонезияда жарандарга, анын ичинде туристтерге да никесиз жыныстык катнашка барууга тыюу салынды. Ага баш ийбегендер бир жылга камалат. Парламент Кылмыш кодексинин жаңы редакциясына ушул жаатта киргизилген өзгөртүүнү жактырды.

Өзгөртүүлөрдү өлкөдөгү бардык саясий партиялар колдоп, коронавирус пандемиясынан кийин кайра калыбына келе баштаган туризм тармагынын өкүлдөрү каршы болууда. Буга чейин алар 2025-жылга карата өлкөгө туристтердин агымы пандемияга чейинки 6 миллиондук чекке жетет деп божомолдоп жатышкан. Туристтик операторлор жаңы кылмыш беренелери чет өлкөлүктөр менен инвесторлорду качырышы мүмкүн деп эсептешет.

Бийлик "индонезиялыктардын баалуулуктарын сактоого" багытталган кодекстин жаңы редакциясы үч жылдан кийин гана күчүнө кирерин билдирүүдө. Мыйзамга каршы жыныстык шектүүлөрдүн ата-энеси, жубайы же балдары гана даттана алышат.

Жаңы кодексте никесиз жыныстык катнаштан тышкары сыйкырчылык (магия) менен алектенүүгө, бийликти кемсинтүүгө, оппозициялык идеяларды айтууга жана алдын ала эскертүүсүз нааразылык акцияларды өткөрүүгө уруксат берилбейт. Эл аралык EIU изилдөө борборунун демократия боюнча индексинде Индонезиядагы абал "жетилбеген демократия" деп табылган.

Кылмыш кодексинин жаңы редакциясына каршы өлкөдө чакан топтордун катышуусунда нааразылык акциялары өттү. Жарандар кодекс 1998-жылдан кийин Индонезияда жүргүзүлгөн либералдык реформаларга каршы келет деп эсептөөдө.

Индонезиянын бийлиги 2019-жылы да Кылмыш кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө аракет кылган. Бирок анда он миңдеген адам жапырт нааразылык акциясына чыгып, сунуш артка чакыртылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG