Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:51

Британияда падышаны көздөй жумуртка ыргыткан адам кармалды


Улуу Британиянын Лутон шаарында падыша Чарльз IIIгө жумуртка ыргыткан адам кармалып, камакка алынды. Полициянын маалыматына караганда, 6-декабрда шаардын аянтында эл менен жолугуп жаткан падышаны көздөй 20 жаштагы жигит жумуртка ыргыткан.

Жумуртка падышага тийбей жерге түшкөнү менен жансакчылар аны окуя болгон жерден дароо алып кетишкен. Бир аздан кийин падыша кайра чыгып, эл менен жолугушууну уланткан. Би-Би-Синин маалыматына караганда, көпчүлүк падышага жумуртка атылганын байкаган эмес.

Бир нече жума мурун Чарльз III Йорк шаарынын жашоочулары менен жолугуп жатканда да жумуртка ыргытылган. Анда 23 жаштагы студент кыз кармалган.

Жумуртка менен уруу окуясын кошпогондо, падышанын жолугушуусу жылуу маанайда өткөнү айтылат маалыматта.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG