Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Байсалов баштаган делегация LBMAнын чакыруусу менен Лондонго кеткени белгилүү болду


Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баштаган делегация Британиянын борбору Лондонго Баалуу металлдар базарынын ассоциациясынын (LBMA) чакыруусу менен барганы белгилүү болду. Бул тууралуу өкмөттөн "Азаттыкка" кабарлашты.

Сапар аталган уюм менен кызматташтыкты бекемдөө максатында уюштурулганы айтылат.

Жогорку Кеңештин 7-декабрындагы жыйынында депутат Винера Раимбачаева Эдил Байсалов иш сапары менен Лондондо жүргөнүн айтып, жыйындын күн тартибинен бир маселени алып турууну парламент төрагасынан өтүнгөн.

Ага чейин Байсаловдун Лондонго сапары тууралуу расмий маалымат бериле элек болчу.

Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы (LBMA) былтыр июнь айында "Кыргызалтын" ишканасын алтын аффинаждоочу заводундагы "алдамчылыкка шек саноодон" улам текшерген.

Жыйынтыгында Кыргызстандагы мамлекетке караштуу заводдун ишенимдүү алтын өндүрүүчүлөрдүн катарындагы Good delivery статусу токтотулган. Ал учурда кыргыз бийлиги Кумтөр кенине сырткы башкаруу киргизип, канадалык "Центерра Голд" менен кайым айтыш уланып жаткан.

Быйыл 4-апрелде президент Садыр Жапаров Кумтөр кени толугу менен Кыргызстандын ээлигине өткөнүн жарыялаган. Ага ылайык, кыргыз бийлиги өлкөдөгү ири алтын кенди иштетип келген канадалык "Центерра Голд" компаниясы менен доо арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге кол койгону белгилүү болгон.

Андан бир айдан кийин, 3-майда LBMA "Кыргызалтын" ишканасынын алтын аффинаждоочу заводуна “good delivery” макамын кайтарып бергенин билдирген.

Бул макам кайсы бир өлкөдө өндүрүлгөн алтын менен күмүштүн сапаты, салмагы ишеничтүү экенин кепилдейт. Мындай белгиси бар заводдон куюлган баалуу металлды дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү эч тоскоолдуксуз сатып алат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG