Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:20

Украина менен Орусия туткундарды айырбаштады


Орусия өткөрүп берген туткундар.
Орусия өткөрүп берген туткундар.

Украина менен Орусия туткундарды "60ка 60" деген формула менен алмашты.

Украина президентинин аппаратынын жетекчиси Андрей Ермактын айтымында, Орусия 15 офицер, 45 катардагы жоокер жана сержантты өткөрүп берди. Алардын арасында Мариуполду коргоонун 34 катышуучусу, анын ичинде "Азовсталдын" 14 коргоочусу бар.

Орусиянын Коргоо министрлиги да 60 орус аскери мекенине кайтып келгенин тастыктады.

Орусия Украинага бастырып кирген февралдан бери эки тарап туткундарды улам-улам алмашып келатышат. Жалпысынан тараптар миң кишини алмашты.

Шейшембиде украин президенти Владимир Зеленский айгышкан салгылаш уланып аткан Донбасска келип кетти. Донецк шаары тынымсыз соккуларга туш болгону кабарланып жатат. 5-декабрда Украинанын бир топ аймагына орус күчтөрү жапырт ракеталык чабуул жасап, энергетикалык кризис тереңдеди. Бир топ аймактарда "жанкечти" дрондор менен кайра сокку урулганын украин бийлиги 7-декабрда да билдирди.

Орусиянын Курск облусундагы аэродромго 6-декабрда учкучсуз аппараттан сокку урулуп, мунай сактоочу резервуар күйүп кетти. 5-декабрда реактивдүү кыймылдаткычы бар эки учкучсуз аппарат Саратов жана Рязань облустарындагы стратегиялык аэродромдорго чабуул койгон. Орус тарап муну Украинадан көргөн. Киев расмий комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG