Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:49

"Дождь" телеканалын колдоого 60тан ашык маалымат каражаттары кошулду


"Дождь" телеканалын колдоо катына 60тан ашык орус тилдүү маалымат каражаттары, анын ичинде Латвиядагы медиа уюмдар да кошулду. Кайрылуунун текстин 6-декабрда Ригадагы Meduza басылмасы жарыялаган.

Латвиянын Улуттук электрондук маалымат каражаттары кеңеши "Дождь" каналынын лицензиясын жокко чыгарганы 6-декабрда белгилүү болгон. Мындан улам ондогон басылмалар каналга тилектештик билдирүүдө.

Каналдын лицензиясын токтотууга алып баруучу Алексей Коростелёвдун түз эфирде Украинага басып кирген орус армиясын колдогон өңдүү сөзү негиз болгон. Эртеси күнү телеканал бул үчүн кечирип сурап, алып баруучунун сөздөрү эфирден алып салынган жана Коростелёв менен кызматташууну токтоткон. Журналист өзү да түз эфирде жаңылганын "каналга көйгөй жаратпоо үчүн иштен кетүүгө даяр" экенин айткан. Коростелёвду колдогон үч кесиптеши ар ким ката кетириши мүмкүндүгүн белгилеп, иштен кеткен.

Андан мурун Крым Орусиянын бир бөлүгү катары сүрөттөлгөн картаны көрсөткөнү жана орус армиясына карата “биздики” деген сөздү колдонгону үчүн аталган кеңеш “Дождь” каналына 10 миң евро айып салган.

Кабелдик түйүндөрдөн өчүрүлгөн "Дождь" Ютубда көрсөтүлүп жатат.

2008-жылы Орусияда түптөлүп, иштеп келаткан канал 2022-жылдын июнь айында Латвиядан лицензия алып, ошол жакта иштей баштаган.

Орусия Украинага басып киргенден көп өтпөй, орус бийликтери каналды бөгөттөгөн эле.

XS
SM
MD
LG