Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:07

ЖМК мыйзамын кайра иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун курамы бекитилди


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Президенттик администрация сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топтун курамы бекитилди.

Бул тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгонун басма сөз кызматы маалымдады.

Жумушчу топту президенттик администрациянын жана Министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов жетектейт. Андан сырткары Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен жана медиа коопчулуктан 15 киши кирди. Тизмени бул жаткан көрүңүз.

Президенттик администрация өткөн айда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорду коомдук талкууга чыгарган. Долбоордун негиздемесинде 1992-жылы кабыл алынган мыйзам заман талабына жооп бербей калганы жазылган.

Документ коомдук талкууга чыгарылган күндөн тарта өлкөдөгү медиа уюмдар, журналисттер жана бир катар юристтер камтамчылыгын билдирип чыккан.

"Адилет" укуктук клиникасы мыйзам долбооруна көз карандысыз экспертиза жасап, анда "адамдын өз оюн эркин билдирүү укугуна кепилдиктерди четке каккан олуттуу тобокелдиктер бар" деген бүтүм чыгарган.

15-ноябрда өткөн жыйында президенттик администрация мыйзам долбоорду кайра иштеп чыгуу үчүн медиа сектордун 20 өкүлүнөн турган жумушчу топ түзүүгө, андан кийин документти экспертиза үчүн Венеция комиссиясына жөнөтүүгө макул болгон. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG