Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:14

Трансооган темир жолунун курулушу 8,2 миллиард долларга бааланууда


Иллюстрация
Иллюстрация

Пакистан "Термез – Мазари-Шариф – Кабул – Пешавар" темир жолунун курулушун 8,2 миллиард долларга баалады. Бул тууралуу Samaa басылмасы кабарлады.

Долбоордун баасынын жаңы сметасын Пакистандын Темир жолдор министрлигинин катчысы Зафар Ранжа жарыялады.

2021-жылы февралда Өзбекстан, Ооганстан жана Пакистан Трансооган темир жолун куруу боюнча жол картасына кол коюшкан. Анда долбоордун баасы 5 миллиард долларга бааланганы, 600 чакырымдык темир жол Өзбекстанга жана аймактагы башка өлкөлөргө Пакистандын деңиз портторуна жол ачары айтылган.

Бул темир жол долбоору тууралуу алгач 2018-жылы айтылып, 2021-жылы сентябрда курулуш иштери башталары жарыяланган. Бирок 2021-жылы августта Ооганстанга бийликке талибдер келгенден кийин иш кечеңдеген.

Аталган үч өлкө "Термез – Пешавар" темир жол долбоорун ишке ашырууга быйыл 18-июлда киришкени кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG