Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:51

Бишкекке Кытайдын Мамкеңешинин вице-премьери Ху Чунхуа келди


Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин вице-премьери Ху Чунхуа. Бишкек. 2022-жылдын 8-декабры.
Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин вице-премьери Ху Чунхуа. Бишкек. 2022-жылдын 8-декабры.

Бишкекке бүгүн 8-декабрда Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Ху Чунхуа келди. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, иш сапардын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар өтөрү пландалууда.

Кытай тарап маалымдагандай, Ху Чунхуа Кыргызстандан кийин Өзбекстанга барат. Иш сапарлары аталган өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн чакыруусу боюнча ишке ашырылып жатканы белгиленди.

9-декабрда Бишкекте Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити өткөнү жатат. Бул уюмга Кыргызстандан тышкары Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров быйыл 24-октябрда Си Цзинпинди Кытай Коммунисттик партиясынын башкы катчысы болуп кайрадан шайланышы менен куттуктаганда эки өлкө ортосундагы саясий өз ара ишеним бекемделип, соода-экономикалык кызматташтык тынымсыз кеңейип, ынак коңшулук жана достук тереңдеп жатканын айткан.

Кыргызстандын тышкы карызынын басымдуу бөлүгү Кытайга таандык. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG