Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Монголия: жапырт нааразылык жараткан иш боюнча сегиз киши кармалды


Монголиянын борбору Улан-Батордогу нааразылык акциялары.
Монголиянын борбору Улан-Батордогу нааразылык акциялары.

Монголияда жапырт нааразылыктарды жараткан көмүр уурдоо иши боюнча сегиз шектүү кармалды. Бул тууралуу Монголиянын юстиция жана ички иштер министри Хишгээгийн Нямбаатар билдиргенин өлкөнүн маалымат каражаттары жазды.

Камакка алынгандардын арасында көмүр казуу жана экспорттоо боюнча “Эрдэнэс Таван-Толгой” деп аталган мамлекеттик компаниянын мурдагы жетекчиси Баттулгын Ганхуяг да бар. Калгандары анын жакындары жана бизнесмендер.

Монголиянын премьер-министри Оюун-Эрдэнэ Лувсаннамсрайн Улан-Батордо нааразылыкка чыккандар менен жолуккан маалда, уурдалган көмүр иши толук иликтене турганын убада кылды.

Монголиядан Кытайга чыгарылып кетип жаткан 12,9 миллиард долларлык көмүр уурдалганына байланыштуу өлкө борбору Улан-Батордо нааразылык акциялары 4-декабрда башталган. Митингчилер коррупцияны иликтеп, өкмөттү кетирүүнү талап кылып жатышат. Ортодо демонстранттар өкмөттүн сарайына кирүүгө аракет кылышты. Алар менен жолугушууга чыккан өкмөт башчыга таш ыргытышкан. Нааразылыктар дале уланууда.

Монголиянын үчүнчү чоң шаары Дарханда да көмүр уурдагандардын аты-жөнүн жарыялоону жана алардын мүлкүн конфискациялоону талап кылышты. Алар "Ууруларга каршы бириккиле!" деген ураан менен жүрүш жасашты. Митингчилер жарандардын "Конституцияда жазылган укуктары менен эркиндиктери барган сайын чектелип, жашоо күндөн-күнгө начарлап баратат" деп эсептешет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG