Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Талибдер 30дай кишиге эл көзүнчө балак урду


Камчы менен жазалоо учуру. Иллюстрациялык сүрөт.
Камчы менен жазалоо учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

“Талибан” кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) Ооганстандын Парван провинциясында жубайынын көзүнө чөп салууга, уурулукка жана башка мыйзам бузууларга айыпталган 17 эркекке жана 10 аялга эл алдында балак урду. Бул тууралуу провинциясынын губернатору Обайдулла Аминзаде "Азаттыктын" ооган кызматына кабарлады.

Камчы менен жазалоо стадиондо өтүп, ага бийлик өкүлдөрү, талибдердин соту жана жергиликтүү тургундар катышты. Журналисттер киргизилген жок.

“Талибандын” сотунун өкүлү Рахим Рашид кабарлагандай, ар бир кишиге 25тен 40ка чейин камчы урулду. Жазалангандардын айрымдары эки жылдан абакка камалды.

23-ноябрда да Ооганстандын Логар провинциясында талибдер стадионго чогулган жүздөгөн адамдардын алдында 12 адамга камчы менен балак урушкан. Алардын үчөө аялдар болчу.

Эл алдында жазалоо, ташбараңга алуу 1996-2001-жылдары талибдер бийликте отурган кезде кадимки көрүнүш болчу. Былтыр кайра Ооганстандын бийлигин басып алган талибдер өлкөнү жаңыча башкарууга, аялдар менен азчылыктардын укуктарын эске алууга убада беришкен. Анткен менен кыз-келиндердин укуктары ушул күнгө чейин сакталбай, кыздар мектепте окуй албай келишет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG