Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:26

Кытайдын лидери үч күндүк сапар менен Саудияга барды


Кытайдын лидери Си Цзинпин Сауд Арабияда.
Кытайдын лидери Си Цзинпин Сауд Арабияда.

Кытайдын лидери Си Цзинпин үч күндүк сапар менен Сауд Арабияга барды. Баяндамачылар аны өтө чоң сый-урмат жана ашыкча салтанат менен тосуп алышканын жазышууда. Кытай лидери Эр-Риядда Бээжин менен Араб дүйнөсүнүн мамилесинде “жаңы эра” башталганын жар салды.

Сауд Арабия АКШнын Жакынкы Чыгыштагы стратегиялык өнөктөшү болуп саналат. Соңку кезде Вашингтон менен Эр-Рияддын ортосунда ымала начарлап кеткен.

АКШ Сауд Арабияны Орусия жана башка өлкөлөр менен чогуу ОПЕК+ уюмунда мунайды өндүрүүнү кыскартып, дүйнөлүк базарда бааны жогорулатып жибергени үчүн айыптаган. Мурдараак Кошмо Штаттардын президенти Жо Байдендин аталган өлкөгө келип кеткени жетиштүү жыйынтык берген эмес.

Си Цзинпин өлкөдөгү эң таасирдүү фигура деп саналган мураскер ханзаада Мухаммед бин Сауд менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. "Синьхуа" агенттиги кабарлагандай, жолугушууларда Си Сауд Арабияны “Кытайдын Жакынкы Чыгыштагы стратегиялык өнөктөшү” деп атады. Ал эки өлкө мунай соодасын көбөйтүп, инфратүзүмдүк долбоорлордо кызматташа турганын белгиледи. Өз кезегинде саудиялык ханзаада бул визит “эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө тарыхый окуя болуп каларын” айтты.

Иш сапардын жүрүшүндө бир катар документтерге, анын ичинде саудиялык компаниялар менен Кытайдын технологиялык гиганты Huawei компаниясынын, саудиялык мунай казуучу Aramco компаниясы менен Кытайдын Shandong Energy компаниясынын ортосунда макулдашууларга кол коюлду. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG