Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:20

Кыргызстан: БУУнун өлкөлөр тобу гендердик зомбулукка каршы биригүүгө чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өлкөлөр тобу гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүктүн алкагында кайрылуу таратты. Анда аталган топ "ар бир адамды, коомду зомбулуктун бул пандемиясына каршы биригүүгө жана өлкөдө күчтүү аялдардын лидерлик салттарын сактоо менен аялдардын жана кыздардын ролун күчөтүүгө чакырат" деп жазылган.

Кайрылууда "аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту токтотуу үчүн күчтүү улуттук иш-аракеттердин планы керектиги, зордук-зомбулукту четке каккан күчтүү коомдук кампаниялар, зомбулуктан жапа чеккендерди коргоону жана адилеттүүлүккө жетүүнү жакшыртуу зарылдыгы, бардык деңгээлдеги чечимдерди кабыл алууга аялдарды көбүрөөк тартуу муктаждыгы" белгиленген.

Кыргызстанда 25-ноябрдан 10-декабрга чейин гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүк өттү.

Ички иштер министрлигинин билдиришинче, соңку эки жылда Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан 20 аял каза болду, жыл сайын орто эсеп менен 10 миңдей аял үйүндө зомбулукка кабылат.

БУУнун Өнүктүрүү программасы зомбулуктун бул түрүнө байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин 90% түрдүү себептерден улам сотко жетпей жабылып калып жатканын эскерткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG