Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:47

Британиянын мурдагы элчисинин жубайына өкмөттөн сыйлык берилди


Вероник Гаррет сыйлык алуу учурунда.
Вероник Гаррет сыйлык алуу учурунда.

Британиянын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Чарльз Гареттин жубайы Вероник Гарретке Ардак грамота жана төш белги ыйгарылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов 10-декабрда Твиттердеги баракчасына жазды. Ал Лондондогу сапары учурунда Гарретке жолугуп, Кыргызстандагы майыптыгы бар жана багар-көрөрү жок балдарды колдогону үчүн өкмөттүн атынан ыраазычылык айтты.

“Мен өкмөттүн атынан Вероник Гарретке Ардак грамотасы менен Министрлер кабинетинин медалын тапшырып жатканыма өтө кубанычтамын. Ал кыргызстандык балдарды жана пандемия учурунда Бишкекте ыктыярчылык кылганы үчүн бул сыйга татыды”, - деп жазган Байсалов.

Быйыл октябрь айында Чарльз Гаррет үй-бүлөсүндөгү жеке себептерден улам өлкөдөгү дипломатиялык миссиясы мөөнөтүнөн мурда аяктап жатканын кабарлаган.

Анын жубайы Вероник Гаррет Токмок, Беловодскидеги балдар үйлөрүнө апта сайын барып, жардам берип турган. Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын коомго аралашуусун демилгелеген жана Бишкек, Ош шаарларында бир нече фестивалдарды уюштурган. Майыптыгы бар балдардын ата-энелеринин башын бириктирген Inclusive KG коомун түзгөн. (BCh)

XS
SM
MD
LG