Ирандын бийлиги 30дан ашык кишиге жана уюмга каршы санкцияларды киргизди. Арасында "Азаттыктын" иран кызматы - "Фарда" радиосу да бар.
Иран өкмөтү мындай чечимди Европа Биримдиги (ЕБ) Тегеранга каршы санкциялардын жаңы топтомун киргизет деп күтүлүп жатканда кабыл алды.
Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Насер Канаани "Европа Ирандын ички ишине кийлигишип жатканын" белгилеп, "өлкөдөгү азыркы кырдаал үчүн Европа жооптуу экенин" билдирди.
Санкциялык тизмеге MI5 деп аталган британ ички чалгын кызматынын башчысы Кен МакКаллум, Улуу Британиянын коргонуу штабынын башчысы Тони Радакин, Франциянын мурдагы тышкы иштер министри Бернар Кушнер жана бир нече немис саясий ишмерлери бар. Мындан тышкары сатиралык Charlie Hebdo француз журналы да кирген.
Санкцияга ылайык, тизмедеги адамдардын Иранга кирүүсүнө тыюу салынып, алардын бул өлкөдөгү мүлктөрү жана активдери конфискацияланат.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Жейми Флай "Фарданын" санкциялык тизмеге киргизилишин чындыктын абсурддук манипуляциясы деп сыпаттап, Ирандагы курмандыктар менен коштолуп жаткан акыркы окуяларды "Фарда" радиосу чагылдырып жатканын жана эл ага ишенерин белгиледи.
12-декабрда Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Брюсселде жолугуп, өкмөткө каршы акцияларды күч менен басууга аракет кылып жатканы жана Орусияга учкучсуз учактарды жеткиргени үчүн Иранды айыпташкан.
Ирандагы нааразылыктар сентябрдын ортосунда башталган. 13-сентябрда Тегеранда 22 жаштагы Махса Амини аттуу кызды хижаб кийүү эрежесин бузганы үчүн полиция кармап кеткенден кийин каза болгондо өлкөдө жапырт нааразылыктар жаралган. Акцияларда алгач аялдар жоолуктарын чечип ыргытып, чачтарын кесип жатса, кийин ал өкмөткө каршы жүрүшкө айланып кетти.
Иран бийлиги эркиндикти талап кылган митингдерди күч менен басууда. Адам укугун коргоочулардын HRANA маалымат агенттиги 500гө жакын адам өлгөнүн, 19 миңдейи кармалганын жазды. Ошондой эле 61 коопсуздук кызматкери каза болду.
Ирандын бийлиги нааразылык акциялардын тутанышына АКШ баштаган Батыш мамлекеттерин айыптоодо. Батыш өлкөлөрү аны төгүндөп, буга расмий Тегерандын катаал саясаты алып келгенин билдирүүдө.
"Фарда" радиосу бир нече платформада, анын ичинде Иранды толугу менен камтыган спутник жана кыска толкундуу берүүлөр аркылуу маалымат таратат. Радионун веб-сайты өлкөдөгү перс тилиндеги эң популярдуу жаңылыктар ресурстарынын бири. Өлкөдө нааразылык акциялар башталган 16-сентябрдан 30-ноябрга чейинки аралыкта радионун Ютубдагы видеолорунун көрүмдүүлүгү 408% өссө, Инстаграмда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 619% көбөйгөн.