Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:40

Ачкачылык жарыялагандардын саны 19га жеткени кабарланды


Кемпир-Абад иши боюнча камалгандар (коллаж)
Кемпир-Абад иши боюнча камалгандар (коллаж)

Кемпир-Абад иши боюнча камалып, абакта ачкачылык кармагандардын саны 19га жетти. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова "Азаттыкка" билдирди.

"14-декабрда камакта жаткан жети киши ачкачылык жарыялоо боюнча Жаза аткаруу кызматына расмий билдирүү берген. Бүгүн, 15-декабрда аларга дагы 12 киши кошулду. Жалпы 19 адам ачкачылык жарыялап жатат, расмий билдирүүнү алардын адвокаттары даярдоодо", - деди Абдирасулова.

Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова кечээ жети киши ачкачылык жарыялоо боюнча билдирүү бергенин, калгандарынан арыз түшө электигин "Азаттыкка" маалымдады.

14-декабрда ачкачылык жарыялагандардын абалы менен Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун директору Бакыт Рысбеков жана акыйкатчы Атыр Абдрахматова таанышып чыккан.

Абдрахматова Фейсбуктагы баракчасына ага расмий тогуз адам арыз бергени менен, төрт кишиден башкасы ачкачылык кармап жатканын, Мамбетжунус Абыловдун, Асия Сасыкбаеванын ден соолугу начарлап жатканы тууралуу маалымат беришкенин жазды. Абактагылар акыйкатчыга “Айымдарды бошоткула, бошотмойунча ачкачылык кармайбыз” деп талап койгон.

14-декабрда ачкачылык жарыялаган камактагы аялдар эл аралык уюмдарга кайрылуу жолдоп, Кыргызстандын азыркы жетекчилиги демократиянын негиздерин талкалап, авторитаризмди орнотуп жатканын белгилешкен.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 12-13-декабрда “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деп шек саналып жаткан 20дан ашык саясатчы, блогер, активисттердин камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартты.

Камакта отургандардын бир тобу сотто суракта Кемпир-Абад боюнча эмес, мамлекеттик төңкөрүш аракети тууралуу соболдор берилип жатканын айтып чыгышты.

23-28-октябрь аралыгында Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыккандар жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги мунун себебин “Кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга даярдык көргөн" деген негизде түшүндүргөн. Кылмыш ишин козгоого алардын 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгонун кабарлаган.

Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат. Бир катар эл аралык уюмдар жана элчиликтер кыргыз бийлигин камалгандарды бошотууга, сөз эркиндигине кысымды токтотууга чакырууда. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG