Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:47

Кумтөр: Депутаттык комиссия кыскаргандан кийин да жыйынга чогула албай жатат


Кумтөр.
Кумтөр.

Жогорку Кеңеште түзүлгөн Кумтөр боюнча депутаттык комиссия курамы өзгөргөндөн кийин да жыйынга чогула албай жатканын бүгүн 15-декабрда депутат Арсланбек Малиев билдирди:

“Бүгүн чогулуп, бир маселени чечип койсок болот эле. Комиссиянын курамы – Нарматова, Ханжеза, Малиев, Мураталиев, Түлөбаев, Алимжанова, Масалиев, Ашимова. Өткөндө да чогулбай калганбыз”.

Комиссиянын курамы өткөн аптада кыскарган, буга кворум жоктугунан депутаттар жыйынга чогула албай жатканы себеп экени айтылган.

Башкы прокуратура Кумтөр кениндеги иштерди быйыл август айында текшере баштап, үч кылмыш ишин козгогон жана мамлекетке 1 миллиард сомдук зыян келтирилгени маалымдалган. Ошондо 2021-жылы сатылган 19,2 тонна алтындын дайыны тууралуу маселе көтөрүлгөн.

«Кумтөр голд компани» ишканасы Кыргызстандын карамагына өткөндөн берки анын алтын казуу, сатуу ишин жана компаниянын ишмердүүлүгүн изилдей турган депутаттык комиссия 29-сентябрда түзүлгөн. Төрагалыкка тандалган Исхак Масалиев кийин аны жетектөөдөн баш тарткан.

Депутаттык комиссиядан тышкары бир катар оппозиционер саясатчылар кирген коомдук комиссия да түзүлгөн жана аны Азимбек Бекназаров жетектеген. Бекназаров жана башка бир катар мүчөлөр кийин Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакка алынышкан.

Кыргызстан алтынын кайсы убакта кайсы өлкөгө алып барып сатып жатканы тууралуу маалыматты ачыктабай турганын 27-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде президент Садыр Жапаров билдирген. Ал ар бир доллар, ар бир грамм алтын үчүн ишкана өзү жана "Кыргызалтын", Улуттук банк керт башы менен жооп берерин, бул жагынан эл эч кам санабай эле койсо болорун айткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG