Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Эл каттоонун жыйынтыгы келерки жылдын башында жарыяланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук статистика комитети быйыл өткөн эл каттоо боюнча баштапкы маалыматты 2023-жылдын январь-февраль айларында жарыялайт. Бул тууралуу "Азаттыкка" комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта Улуттук статистика комитетинин кызматкерлери учурда элден алынган маалыматтарды эсептеп, тактап жатканы айтылат. Баштапкы маалыматка калктын саны жана улуту, эне тили боюнча маалымат, билим деңгээли, экономикалык ишмердиктин түрлөрү, никелик абал, айыл жана шаар жерлериндеги үй-бүлөлөрдүн саны жарыяланат.

Эл каттоонун соңку жыйынтыгын чыгаруу 2024-жылга чейин созулушу мүмкүн.

Быйыл 23-апрелинен 2-майына чейин Кыргызстанда эл каттоо жүргөн. Ага 28 миң киши тартылып, алар Улуттук статистика комитетине убактылуу жумушка алынган.

Анда жалпысынан үй-бүлө мүчөлөрүнүн саны, билими, тили, жумушу, жаш курагы, жашоо-шарты, киреше булагы сыяктуу 40ка жакын суроо берилген.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери үчүнчү жолу эл каттоо өттү. Ар он жылда өтүп келген өнөктүк бул жолу COVID-19 пандемиясынан улам өз мезгилинен үч жылга кеч жүрдү. Өнөктүктө өлкөнүн эл жана турак жай статистикасы жаңыланат.

Эгемендүү Кыргызстанда биринчи эл каттоо 1999-жылы болгон. Анда жыйынтыгы боюнча өлкө калкынын саны 4,8 миллион адамды түздү. 2009-жылы эл каттоодон 5,3 миллион адам өткөн. Ал өнөктүктө 10 жылдын ичинде мекенинде "убактылуу жашабаган" кыргызстандыктар алты эсеге көп болгон.

Быйыл 19-октябрда өлкөнүн жети миллионунчу жашоочусу Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында төрөлдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG