Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:55

Сасык тумоо бир аптада 44 миңден ашык кишиден аныкталды


Бишкектеги ооруканалардын бири.
Бишкектеги ооруканалардын бири.

Кыргызстанда бир аптада сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекция 44 миңден ашык кишиден аныкталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди. Маалыматка караганда, аталган департамент өткөн аптада атайын мониторинг жүргүзгөн.

Буга чейин саламаттык сактоо министринин дарылоо боюнча орун басары Улан Садыков соңку эки күндө Республикалык жугуштуу оорулардын клиникалык ооруканасына 700дөй адам кайрылганын "Азаттыкка" билдирген. Анын айтымында, өткөн аптага салыштырмалуу сасык тумоо бир аз басаңдаган.

Кыргызстанда курч респиратордук вирус жуктургандар жана сасык тумоого кабылгандар кескин көбөйгөнү мындан эки апта мурда байкалган. 5-11-декабрь аралыгында 14 миң бейтап катталган, ага чейинки бир аптада бул көрсөткүч 9 миңдин тегерегинде болгон.

Аталган департаменттин сунуштамаларынын негизинде Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен билим берүү мекемелери 15-декабрдан 24-декабрга чейин онлайн окууга өткөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG