Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:11

Нарматованын адвокаты ал толук текшерүүдөн өтүүгө жетишпей калганын айтты


Орозайым Нарматова
Орозайым Нарматова

Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалып, абакта ачкачылык кармап жаткан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова ден соолугуна байланыштуу толук текшерүүдөн өтүүгө жетишпей калганын адвокаты Гуляна Убалиева "Азаттыкка" билдирди. Ал Нарматованын абалы оор экенин, бүгүн, 20-декабрда жүрөгүн гана текшерткенин айтты.

"Дарыгерлер негизинен Нарматованын ашказанын, жүрөгүн, муундарын текшериш керек болчу. Кан тапшыраганга дагы жетишкен жок. Аны абактан кеч, саат 11де диагностикалык клиникага алып барышты. Жүрөгү ооруп жаткандыктан, ашказанын текшертүүгө мүмкүн болгон жок. Томографияда 1,5 саат жатыш керек экен. Ал абалы оордугуна байланыштуу жата алган жок. Жүрөгү деле толук текшерилген жок, ал үчүн 1 сутка аппарат кийип жүрүш керек экен. Абалы күндөн-күнгө оорлоп жатат", - деди жактоочу.

Жаза аткаруу кызматы бул билдирүүгө комментарий бере элек.

Орозайым Нарматова 20-декабрда эртең менен Бишкектеги жеке диагностикалык борборлордун бирине жеткирилген.

Буга чейин эксперт Бермет Барыктабасова Фейсбуктагы баракчасына көз карандысыз дарыгер катары тергөө абагына кирип чыкканын, ачкачылык кармап жаткан Перизат Суранованын абалы начар экенин, ал ооруканага жаткырууну суранып жатканын жазган.

Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова 19-декабрда ачкачылык кармап жаткандардын баарынын саламаттыгы туруктуу экенин, дарыгерлердин көзөмөлүндө турганын билдирген.

Мунун алдында акыйкатчы Атыр Абдрахматова ачкачылык кармап жаткандарга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлигине жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына кайрылган. Ал өз катында алардын саламаттыгын атайын комиссия менен текшерип чыгышы керектигин, бул комиссияга укук коргоочулар дагы кириши зарылдыгын жазган. Акыйкатчы Перизат Суранова менен Орозайым Нарматованын саламаттыгы тынчсыздануу жаратарын белгилеген.

Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакта отурган 20дан ашык кишинин 17си ачкачылык кармап жатат, айрымдарынын наар албай жатканына бир аптага чукулдады. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG