Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:27

Ак үй: Түндүк Корея "Вагнер" тобуна ракеталык курал-жарак жөнөттү


"Вагнердин" жалданма аскерлери Сирияда. Архивдик сүрөт.
"Вагнердин" жалданма аскерлери Сирияда. Архивдик сүрөт.

Түндүк Корея орусиялык "Вагнер" жеке аскердик компаниясына Украинадагы позициясын бекемдөө үчүн курал-жарак жеткиргенин Reuters агенттиги АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жон Кирбиге таянып жазды.

Сөз танктарга жана ракеталарга каршы курал жөнүндө болуп жатат.

Ак үйдүн эсебинде "Вагнер" орус абактарынан чыккан 40 миңдей жалданма согушкерди Украинада урушка салган болушу ыктымал. Бул тууралуу Кирби декабрда билдирген.

Вашингтон Түндүк Корея жеткирип жаткан курал-жарактар согуштун нугун өзгөртпөйт деп эсептейт. Жакынкы апталарда "Вагнерге" жана аны менен кызматташкан компанияларга жаңы санкциялар салынарына убада берди.

"Вагнердин" негиздөөчүсү жана демөөрчүсү Евгений Пригожин Түндүк Кореядан курал-жарак ташылып жатканы тууралуу маалыматты "ушак" деп атады.

Мурда Ак үй Пхеньян жашыруун түрдө Орусияга чоң көлөмдө артиллериялык снаряддарды жеткирип жатканын кабарлап, муну Түндүк Кореянын бийлиги четке каккан.

“Вагнер” (“ЧВК Вагнер” - Вагнердин жеке аскердик компаниясы) – компаниясы орусиялык бейрасмий аскердик түзүм. Анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу бир катар маалыматтар байма-бай чыгууда. Топтун жоокерлери бир катар аскердик кылмыштарга шек саналып келет.

“Вагнер” тобунун негиздөөчүсү жана демөөрчүсү олигарх Евгений Пригожин Орусиянын президенти Владимир Путинге жакын экенин өзү ырастаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG