Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:39

Кыргызстанда "Док-1 Макс" дарысын сатууга тыюу салынды


Саламаттыкты сактоо министрлиги.
Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек жана медициналык техника департаменти Өзбекстандагы окуядан улам "Док-1 Макс" дарысын сатууга тыюу салынганын билдирди.

Департамент "Док-1 Макс" Кыргызстанга 2018-жылы ташылып келе баштаганын, акыркы ирет 2021-жылы киргенин билдирди.

"Түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен 2022-жылдын 23-декабрынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында сатууну убактылуу токтотуу чечими кабыл алынды. Үлгүлөр лабораториялык анализ жүргүзүү үчүн Борбордук текшерүү-аналитикалык лабораторияга жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Медициналык мекеме бул дарыны колдонгондор терс таасирлери байкалган учурда департаментке кайрылышы керектигин эскертти.

22-декабрда Өзбекстандын Фармацевтика тармагын өнүктүрүү агенттиги да бул препаратты сатууга тыюу салганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазган. Буга "Док-1 Максты" колдонгон жарандар анын терс таасирлери байкалганын социалдык тармактарга жазганы себеп болгон. Агенттик дары боюнча экспертиза дайындалганын да билдирген.

Индиялык Marion Biotech Pvt компаниясы чыгарган Док-1 Макс дарысы парацетамол, гвайфеназин, фенилэфринди камтыйт жана курч респиратордук вирустук инфекцияларды жана сасык тумоону дарылоо үчүн сунушталат.

Кыргызстанда бир аптада сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекцияга кабылгандардын саны 44 миңден ашты. Алардын басымдуу бөлүгү 14 жашка чейинки курактагы балдар экени кабарланган. Мындан улам Билим берүү жана илим министрлиги 15-декабрдан тартып өлкөдөгү бардык мектептер жана 168 бала бакча 24-декабрга чейин онлайн окууга өткөнүн билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG