Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:04

"Бүтүн Кыргызстан" Элдик курултайга байланыштуу Конституциялык сотко кайрылды


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

Жогорку Кеңештин “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров өткөн айда Бишкекте уюштурулган Элдик курултайга байланыштуу Конституциялык сотко сунуштама тапшырды. Бул тууралуу бүгүн 23-декабрда фракциянын катчылыгы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, президенттин быйыл 15-августтагы «Элдик курултайды чакыруу жөнүндө» жана 28-сентябрдагы “Президенттин Элдик курултайды өткөрүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” деген эки жарлыгын конституциялык эмес деп табуу тууралуу сунуштама берилди. Анда аталган жарлыктар Конституциянын жетинчи жана төртүнчү беренелерине карама-каршы келери көрсөтүлдү.

Фракция белгилегендей, “Элдик курултайдын макамы Конституцияда бекитилген. Аны Конституциянын жетинчи беренесине ылайык мыйзамдаштыруу конституциялык мыйзамды кабыл алуу менен камсыз кылынуусу тийиш. Бирок Элдик курултайдын ишин уюштуруу жана аны өткөрүүнүн тартиби президенттин жарлыгы менен жөнгө салынганы Кыргызстандын Конституциясынын талаптарына жана мыйзамдарына түздөн-түз карама келет”.

Президенттик администрация жана тийиштүү мекемелер азырынча бул боюнча комментарий бере элек.

Быйыл 26-ноябрда Бишкекте эки күн бою Элдик курултай өткөн. Ага бардык аймактардан миңден ашуун делегат катышкан.

Президенттин элдик курултай чакыруу тууралуу жарлыгы 16-августта жарыяланган. Конституцияда каралган бул иш-чаранын анда жазылгандай атайын мыйзам менен эмес, мамлекет башчынын жарлыгы менен өткөрүлө турганы мурда да сын-дооматка жол ачкан.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров элдик курултай уюштуруу чечимин кабыл алууга былтыр журналисттерге өткөргөн жылдык пресс-конференциясы түрткү болгонун 27-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде билдирген.

Жапаров ошондо “…үч саат жөн эле ушактарга жооп берип олтурганын” белгилеп, “…ошондон кийин Баш мыйзамдын негизинде курултай чогултуп, элдин алдында бир жылда кандай иштер аткарылгандыгы жөнүндө маалымат берели деп чечтим” деп айткан.

Курултайды президенттин жарлыгы менен уюштуруу мыйзамсыз экени тууралуу маселе 7-сентябрда Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, сын айтылганда президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмас Абытов жарлыкта “Элдик курултайдын статусун мыйзам менен жөнгө салууга чейин” деп жазылып турганын айтып жооп берген. Ал “Ошондуктан президенттин жарлыгы мыйзамдуу. Аны бүт кыргыз мамлекетиндеги бардык мамлекеттик органдар аткарышы керек”, - деген. (RK)

XS
SM
MD
LG