Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:34

Бишкек: Мектептеги онлайн окуу мөөнөтү узарды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин мектептеринде онлайн окутуу режиминин мөөнөтү 28-декабрга чейин узартылды. Бул тууралуу бүгүн 23-декабрда Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, буга борбор калаада сасык тумоого байланыштуу түзүлүп турган эпидемиологиялык кырдаал себеп болууда.

Сасык тумоо күчөгөнүнө байланыштуу Кыргызстанда мектептер 15-декабрдан 24-декабрга чейин онлайн окууга өткөн болчу.

Кышкы каникул быйыл мектептерде 30-декабрда башталып, 10-январга чейин уланат, үчүнчү чейрек 11-январда башталат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG