Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

Кыргыз бийлиги ЕБ аймагына жыгач экспорттолуп жатканы тууралуу маалыматты четке какты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын бийлигинде өлкөдөн жыгач материалдар Европа Биримдигинин аймагына экспорттолгону тууралуу маалымат жок экенин бүгүн 23-декабрда өкмөттө өткөн пресс-конференцияда президенттик администрациянын Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Элдар Алишеров билдирди.

Алишеровдун айтымында, Бажы кызматы аркылуу да, Евразия экономикалык комиссиясы жүргүзүп жаткан статистика боюнча да андай факт катталган эмес.

“Балким ал эски маалыматтыр. Биздин маалымат боюнча, жыгач материалдарынын реэкспорту негизинен коңшу өлкөлөргө – Өзбекстанга жана Тажикстанга жүргүзүлгөн, бирок европалык өлкөлөргө эмес”, - деди Алишеров.

21-декабрда “Клооп” басылмасынын сайтына “Кыргызстан Беларуска Евробиримдиктин санкцияларын кыйгап өтүүгө кантип жардам берүүдө” деген иликтөө жарыяланган. Анда иликтөөчү журналисттер Беларустун жыгачы Кыргызстан жана Казакстандын атынан Евробиримдиктин аймагына экспорттолуп жатканын аныкташкан. Евробиримдик өз аймагына Беларустун жыгачын импортоого тыюу салгандан кийин аны Кыргызстандын документтери менен ташып кирүү 18 миң эсе көбөйгөн.

Ошол эле күнү Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги билдирүү таратып, быйыл август айынан бери өлкөдөн жыгач материалдары Евразия экономикалык биримдигинен (ЕАЭБ) тышкары эч жакка чыгарылбай келатканын эскерткен. Билдирүүдө Орусияда быйыл жыл башында киргизилген чектөөдөн улам Кыргызстан бул өлкөдөн жыгач материалдарын ташып келе албай калганы, 1-августта кыргыз өкмөтү да жыгач материалдарын ЕАЭБден сырткары жакка экспорттоого убактылуу тыюу салган токтом кабыл алганы айтылат.

Эксперттердин айтымында, Кыргызстан Орусия менен Беларуска санкцияларды айланып өтүүгө жардам берүүнүн кесепетин тартып калышы толук мүмкүн.

“Азаттык” бул маселеге байланыштуу “Кыргызстандарт” мамлекеттик мекемесине кайрылганда анын жетекчилиги мындай продукцияга бир дагы сертификат бербегенин, бирок Кыргызстандын аймагында сертификация менен алектенген 20дай жеке компания бар экенин билдирген.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстан керектөөдөгү жыгачтын 90% көбүн чет өлкөдөн, көбүнчө Орусиядан ташып келет.

Орусия быйыл февраль айында Украинага кол салгандан кийин Европа анын негизги өнөктөшү Беларуска да бир топ санкция киргизген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG