Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

АКШ Сенаты конфискацияланган орус активдерин Украинага жардам берүүгө жумшоону колдоду


Орусиялык олигарх Алексей Мордашевдун Италия полициясы камакка алган яхтасы.
Орусиялык олигарх Алексей Мордашевдун Италия полициясы камакка алган яхтасы.

АКШ Сенаты 22-декабрдагы добуш берүүдө конфискацияланган орус активдерин Украинага жардам берүү үчүн жумшоого уруксат берген федералдык бюджетке түзөтүүнү колдоду. 68 сенатор "ооба", 29у "жок" деп жооп берди.

Документке ылайык, орусиялык олигархтардан конфискацияланган каражаты адегенде Мамлекеттик департаментке жөнөтүлөт. Андан ары эл аралык жардам катары бөлүштүрүлмөкчү.

Сунушту колдогон сенатор Майкл Беннеттин айтымында, документ “Путинге жана анын башкесерлер бандасына Америка Украинаны колдойт денен ишарат кылат”.

Ал эми конгрессмен Том Малиновский “Путиндин жардамчыларын алар талкалап жаткан өлкөнү кайра куруу үчүн каражатты төлөттүрүү акыйкат болорун” белгиледи.

Байдендин администрациясы санкцияларга дуушар болгон орус олигархтарынын активдерин Украинага көмөктөшүүгө багыттоону колдойт. Демилгеге каршы чыккандар андай кадам соттук талаш жаратышы мүмкүн, камакка алынган акчаны пайдалануу АКШнын инвестициялык аброюна көлөкө түшүрөт деп айтып келет.

Эми бюджетти кабыл алуу маселеси төмөнкү палатада колго салынмакчы.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG