Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:38

Экоактивисттер мэрияны жаңы жылдык фейерверктен баш тартууга чакырды


“МувГрин” экологиялык кыймылынын мүчөлөрү Бишкек мэриясына кайрылып, жаңы жылдык фейерверктен баш тартууга чакырышты. Экоактивисттер кайрылуусунда Бишкекти ыш каптап, экологиялык абалдын начарлашын жүйө келтиришкен.

Алар салютсуз деле технологиянын жардамы менен майрамдык атмосфераны жаратууга болот деп эсептешет.

"Фейерверк климаттын өзгөрүшүнө себеп болгон уу газдарды бөлүп чыгуусуна салым кошот. Ондогон оор металлдардан тышкары абада PM2.5 майда бөлүкчөлөрү жана кычкылдандыргыч заттар кездешет. Алардан дем алуу иммунитеттин төмөндөшүнө жана респиратордук ооруларга алып келет", - дешет кайрылуу ээлери.

Экоактивисттер альтернативдүү жолу катары имараттарга түстүү жана лазердик шоу көрсөтүү мүмкүн экенин белгилешкен. Алардын айтымында, 2021-жылы мэрия пиротехникалык каражаттарды сатып алган эмес, 800 миң сомго жакын каражат башка муктаждыктарга – аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү майып балдарга белек сатып алууга жумшалган.

Бишкек мэриясы быйыл Ала-Тоо аянтындагы жаңы жылдык майрамдар түстүү фейерверктерди атуу менен аяктай турганын билдирген. Ага шаардык бюджеттен 755 миң сом каралган. Мекеме жалпы майрамдык иш-чарага кете турган чыгымдын суммасын кабарлаган жок.

Соңку эки жылдан бери жаңы жыл майрамында салют атылган эмес. 2021-жылы мэрия экологиялык абалдын начарлашына байланыштуу жаңы жылдык салюттан баш тарткан.

2020-жылы коранавирус инфекциясынан улам өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу чыгымдарды кыскартуу максатында фейерверк атпоо чечими кабыл алынган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG