Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:25

New York Times Бучада карапайым элди жапырт өлтүргөн полкту аныктады


Буча шаары. 2-апрель 2022-жыл
Буча шаары. 2-апрель 2022-жыл

New York Times гезити Украинанын Буча шаарында карапайым элди жапырт өлтүргөн полкту аныктады. Иликтөөчү журналисттер сегиз ай бою орус аскерлеринин тынч адамдарды атып өлтүрүүгө тиешесин териштирип келишти. Алар ошол окуялар Киевге жетүү максатындагы атайылап жана ырааттуу жасалган аракеттердин бөлүгү болгон деген жыйынтыкка келишти.

Басылманын жазганына караганда, подполковник Артем Городиловдун кол астындагы 234-десанттык полктун аскерлери куралсыз эркектерди суракка алып, көзүн тазалап турган, балдар, үй-бүлөлөр болобу, туш келди көчөдөн кармап өлтүрүшкөн.

Орус армиясы чегингенден кийин барган журналисттер Бучага барып, бир нече ай жүргөн. Алар эл менен сүйлөшүп, камералардын видеолорун чогултуп, өкмөттүк булактардан эксклюзивдүү маалымат алышкан.

Киевдин жанындагы шаарчада 400дөн көп кишинин каза тапканы аныкталган. Иликтөөчүлөр өз материалында орус аскерлеринин ырайымсыз кыйноолорун сүрөттөшкөн.

Киев жана Батыш Бучадагы окуяларды согуш кылмышы деп атап келет. Москва дооматтарды четке кагууда.

XS
SM
MD
LG