Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:33

Абакка телефондорду алып кирүүгө аракет кылган аял кармалды


Абакка телефон алып кирүү фактысы. 2022-жыл.
Абакка телефон алып кирүү фактысы. 2022-жыл.

Бишкектин сыртындагы Степное айылындагы аялдар колониясына төрт мобилдик телефон алып кирүүгө аракет кылган аял кармалды. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматы кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, Г.А. аттуу аял телефондорду шыпыргыга катып алып кирип баратканда кармалган.

Абак-жайларда мобилдик байланыш каражаттары тыюу салынган буюмдардын катарына кирет.

Кыргызстанда телефон аркылуу элден акча алдаган учурлар көп катталат. Буга чейин эркинен ажыратылгандар түрмө жетекчилиги менен бийлик башында отургандардын атын сатып телефондон аткаминерлерди алдаганы ачыкка чыккан.

Шылуундар акимдерди, калаа башчыларын алдап, телефондоруна 10 миң сомдон 30 миң сомго чейин бирдик жүктөтүп алышканы белгилүү болгон. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG