Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:29

Бишкекте үч эм уул төрөлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте дагы үч эм төрөлгөнүн бүгүн 23-декабрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, №2 клиникалык Төрөт үйүндө 20-декабрда көз жарган 37 жаштагы Нурзида Садырбаева үч уулдуу болду.

Эненин да, салмагы 2,3 кг, 1,9 кг жана 2,4 кг болуп төрөлгөн ымыркайлардын да абалы канааттандырарлык, алар Төрөт үйүнүн ай-күнүнө жетпей төрөлгөн наристелер бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө жатышат.

Быйыл биринчи жарым жылдыкта Кыргызстанда үч эм төрөлгөн үй-бүлөлөр 15ке жеткен.

2021-жылы өлкөдө 150 миңден ашуун ымыркай төрөлгөн.

Кыргызстанда соңку жылдары жаңы төрөлгөндөр үчүн мамлекеттин эсебинен 4 миң сомдон сүйүнчү акча төлөнүүдө. Ал эми үч эм үчүн ар бирине 50 миң сомдон берилет. (RK)

XS
SM
MD
LG