Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:04

Исламабаддагы жардыруудан полиция кызматкери набыт болду


Жардыруу болгон жер, Исламабад. 23-декабрь, 2022-жыл
Жардыруу болгон жер, Исламабад. 23-декабрь, 2022-жыл

Исламабадда турак үйлөр жайгашкан районго жакын жерде жанкечти дүрмөттөлгөн машинесин жардырып, полицинын бир кызматкери мүрт кетип, кеминде 10 киши жараланды. “Машал” радиосунун маалыматына караганда, кол салуу үчүн жоопкерчиликти Пакистандагы талибдердин тобу алды.

Полиция башчысынын орун басары Сохаил Зафар Чаттанын айтымында, тартип сакчылар мындан да чоң чабуулдун алдын алууга жетишти. Даярдалып жаткан кол салуу тууралуу маалымат түшкөндө полиция районду кайтарып, шектүү машинени байкаган. Аны токтотуу учурунда унаа жарылып кеткен. Ичиндеги эркек менен аял, бир тартип коргоочу ошол жерден жан берди.

Баштапкы иликтөө машинеде 18 килограмм жардыргыч зат бар болгонун көргөздү. Ички иштер министрлиги машине Пакистан баш калаасындагы маанилүү бутага баратканын айтып, башка маалымат берген жок.

Премьер-министр Шахбаз Шариф полицияга ыраазычылык билдирип, айтып, кол салууну айыптады.

Пакистандагы Талибан уюму - Tehrik-e-Taliban Pakistan (TTP) акыркы маалда чабуулдарын күчөтүп, жума күнкү жардырууну "жогорку өкүлүн өлүмү үчүн өч алуу" деп сыпаттады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG