Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:47

Конституциялык сот оң рулдуу машинелер боюнча кайрылууну карады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Рулу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарынын кузовун алмаштырууга тыюу салуу Конституцияга карама-каршы келбейт.

Бул тууралуу Конституциялык соттун басма сөз кызматы кабарлады.

21-декабрда сот Даниэл Акматов жана Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелеринин 541-пунктунун мыйзамдуулугун текшерүү жөнүндө кайрылуусун карады.

Бул пунктта рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарынын кузовунун алмаштырууга тыюу салына турганы көрсөтүлгөн.

"Рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарынын кузовун алмаштырууга тыюу салуу адамдын өмүрү жана ден соолугу сыяктуу коом үчүн маанилүү болгон ажыратылгыс баалуулуктарды өзгөчө коргоо боюнча Конституцияда белгиленген талап менен шартталган. Менчик укугу мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана башкаруу боюнча укуктуулукту ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн гана эмес, тиешелүү жактардан мыйзамда аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууну, анын ичинде мүлктүн айлана чөйрөдөгүлөр үчүн өтө кооптуулугун эске алуу менен аткарууну талап кылат. Талашылып жаткан ченемде белгиленген тыюу салуу чектөө болуп саналбайт жана жарандардын конституциялык укуктарын бузбайт", - деп жазылат Конституциялык соттун маалыматында.

Оң рулдуу автоунааларды өлкө аймагына киргизүүгө жана колдонууга тыюу салган мыйзам 2015-жылдын 26-февралында кабыл алынып, 4-июнда күчүнө кирген.

Бийлик бул мыйзам оң рулдуу автоунаалар катышкан жол кырсыктарын азайтууну көздөй турганын билдирген. Кыргызстанга оң рулдуу автоунааларды алып кирип, каттоого жана колдонууга уруксат берүү демилгеси маал-маалы менен көтөрүлүп келет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG