Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:59

Алматыда Январь окуяларында курман болгондорго арналган мемориал ачылды


Январь окуяларында курман болгондорго арналган мемориал. 23-декабрь, 2022-жыл
Январь окуяларында курман болгондорго арналган мемориал. 23-декабрь, 2022-жыл

Алматы шаарында Январь окуяларында курман болгондорго арналган мемориал ачылды. Расмий маалыматтарда, ал трагедия 200дөн ашуун кишинин өмүрүн алганы айтылып жүрөт. Тынч нааразылык акциялары куралдуу тополоңго айланып, Алматы анын чордону болуп калган.

Эстеликти ачууга Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев катышты. "Азаттык" радиосунун казак кызматы Жумурият аянты курчалып, иш-чарага мамлекеттик кызматкерлерди автобустар менен алып келишкенин жазды. Аянтка мамлекеттик маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн кое берип, "Азаттыктын" журналисти ал жерге өтө алган жок.

Мемориалдын автору ким экени белгисиз. Таштан жасалган плиталарга казак жазуучу, акын, агартуучулардын чыгарламаларынан үзүндүлөр чегилген.

Жыл башында Казакстанда болгон кандуу окуялар учурунда Алматыда куралчан адамдар акимчиликтин жана президенттин резиденциясы жайгашкан имараттарды басып алып, өрттөп жиберишкен. Токаев чукул кырдаал жарыялап, ЖККУнун аскерлери кыска мөөнөткө киргизилген.

Башаламандыктын артында ким турганы азыркыга чейин белгисиз. Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму 20-декабрда жарыялаган билдирүүсүндө, казак бийлиги бир тараптуу иликтөө жүргүзгөнүн, каза болгондордун жакындары, жарадар болгондор же камакта кыйноолорго учурагандар адилеттүүлүктү таппаганын белгиледи. Казакстан өкмөтү мындай баага макул эместигин айтты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG