Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:20

Мурдагы милиция башчысы Уланбек Аалиев акталып, абактан бошотулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Уланбек Аалиев бүгүн 23-декабрда негизинен акталып, сот залынан бошотулду. Анын ишин Биринчи Май райондук соту карады.

Соттун өкүмү менен ал Кылмыш-жаза кодексинин “Кыйноо”, “Опузалап пара алуу” жана “Пара алуу” деген беренелери боюнча “кылмыш курамы жок болгонуна байланыштуу” деген негизде акталды.

Ал эми “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” деген берене боюнча күнөлүү деп табылып, ага 300 миң сом айып салынды.

Аалиевдин жакындары бул берене боюнча да ал акталышы керек болгонун “Азаттыкка” билдирип, шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрыларын айтышты.

Ошол кезде жетекчи болуп турган Аалиев жана дагы бир нече милиция кызматкери алдамчылыкка шектелип жаткан Асыл Талипова аттуу жарандын ишине байланыштуу 2021-жылдын октябрында кармалышкан. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы алар “Талипованы кыйноого алган, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана пара талап кылган” деп айыпталып жатканын билдирген.

Аалиевдин тарапташтары ага жалган жалаа жабылып жатканын айтып уюштурган акцияларына Талиповага ири суммада акчасын алдырганын айткандар да катышып жүрүшкөн. Алар Аалиевдин тушунда Талиповага иш козголуп, камакка алынганын, бирок кийин ишти Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы өзүнө алгандан кийин Талипова үй камагына чыгарылганын, ал эми акчасын сурап барган 23 кишинин экөөнү “акча опузалап жатат” деп камап коюшканын “Азаттыкка” айтып беришкен.

Жалпысынан мурдагы жетекчи Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында 1 жыл 2 ай кармалды.

Талипованын ошол кездеги адвокаты Канат Хасанов аны бошотууну талап кылып Бишкек милициясынын алдында акция өткөргөн жана алты баланын жалгыз бой энеси эч негизсиз кармалып турганын билдирген. Эртеси күнү аял үй камагына чыгарылган. Анын өзгөчө чоң суммадагы алдамчылык боюнча иши Октябрь райондук сотунда каралууда, чечим чыга элек.

Курулуш компаниясынын жетекчиси катары тааныштырып жүргөн Талипова өзү иорданиялык инвесторлор аралашкан “Нуржанат” компаниясына алданып калганын, буга байланыштуу 2021-жылы милицияга кайрылганын, бирок ал жактагылар 150 миң доллар алып, ишти жаап коюшканын быйыл 9-июнда “Апрель” телеканалына билдирген. Милиция мекемеси бул боюнча комментарий берген эмес. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG