Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:52

Кыргыз-тажик делегациясы чагымга жол бербөөнү талкуулады


Ак-Сай айылына алып барчу жол.
Ак-Сай айылына алып барчу жол.

Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев менен Исфара районунун төрагасы Баховаддин Баходурзода жолугушту.

Жолугушуу Ак-Сай айылы менен Ворух анклавы чектешкен аймакта болду. Бул тууралуу райондук администрациянын басма сөз кызматы кабарлады. Ага эки тараптын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, Кадастр мамлекеттик мекемесинин башчысы катышты. Анда чек арада ар кандай чагымчыл аракеттерди болтурбоо, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, туруктуулукту сактоо маселелери талкууланды.

Тараптардын сүйлөшүүсүндө укук коргоо органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, атайын кайгуулдарды уюштуруу, эл көп топтолгон аймактарда ыкчам чараларды көрүү, өрт жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча пиротехникалык каражаттарды эки тараптан тең колдонбоо жагы макулдашылды.

Коңшу Тажикстан менен чек ара такталып бүтө элек болгондуктан ортодогу тилкеде жайгашкан Баткенде соңку жылдары адам өлүмүнө алып келген кандуу окуялар катталууда.

Быйыл сентябрда чек арада болгон кандуу кагылышта эки тараптан жүздөн ашуун адам каза тапты. Маркумдардын арасында балдар да бар. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG