Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

ФСБ беш кишини чыккынчылыкка жана тыңчылыкка айыптап кармады


Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) үч региондо жергиликтүү беш жаран украин атайын кызматы менен иштешкен деген шек менен кармалганын жума күнү билдирди.

Маалыматка караганда, Перм крайында үч кишиден турган топтун бетин ачышкан. Алар Орусия аймагында теракттар менен диверсияларды даярдашкан деп айыпталууда. Топтун башчысына издөө жарыяланды.

Еврей автономдуу облусунда ФСБнин кызматкерлери Биробижан шаарынын тургунун кармашкан. Ал украин куралдуу күчтөрүнө кошулууну көздөгөн, кошуна өлкөнүн атайын кызматына инфраструктура жайлары тууралуу маалымат берип турган деп шектелүүдө. Дагы эки киши Ростов облусунда кармалды.

20-декабрда орус президенти Владимир Путин коопсуздук органдарын чет элдик атайын кызматтардын аракеттерин алдын алууга, "тыңчы, чыккынчы жана диверсанттарды" оперативдүү табууга чакырган.

ФСБ акыркы мезгилде Украинанын атайын кызматтары менен байланышы бар делген адамдарды кармаганын айтып келатат. Мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталгандар да көбөйүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG