Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:18

Мариуполдо орусиячыл бийлик драма театрды сүрдүрүп жатат


Мариуполдогу драма театры. Декабрь 2022-жыл
Мариуполдогу драма театры. Декабрь 2022-жыл

Украинанын Мариупол шаарында оккупациялык бийлик драма театрынын имаратын сүрдүрүп жатат.

Бул тууралуу мэрдин кеңешчиси Петр Андрющенко Телеграм-каналына жазды. Театр быйыл 12-мартта бомбаланганда чатыры жана негизги дубалдары урап түшкөн. Орусиялык армиянын ошол чабуулу учурунда имаратта жана анын жанында жүздөгөн карапайым тургундар башкалкалап жаткан. Шаардык кеңеш чабуулда 300дөй жайкын тургун каза тапканын билдирген.

Буга чейин орусиячыл бийлик театрды орус жазуучуларынын сүрөттөрү тартылган баннерлер менен жаап салган.

Amnesty International укук коргоо уюму өз отчетунда эки 500 килограммдык бомба ташталган болушу мүмкүн деп жазган. Иликтөөчүлөр соккуну орусиялык учактар урган деген жыйынтыкка келген.

Орусиянын Коргоо министрлиги ал бомбалоого тиешеси жоктугун айтууда. Ошол эле маалда театр имаратында ашынган оңчулдардын “Азов” батальонунун аскерлери жашырынганын айтып келген.

Жикчил Луганскинин расмий өкүлү театрдын ичинде жардыруу болгонун билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG