Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:36

Кемпир-Абад иши: камалгандар абактагы шартты психологиялык басым деп атоодо


Кемпир-Абад абад иши боюнча камалгандардын айрымдары.
Кемпир-Абад абад иши боюнча камалгандардын айрымдары.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандар абактагы шартты психологиялык басым жана куугунтук катары мүнөздөп жатышат. Бул тууралуу алар өзүлөрү жана жакындары бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаардык сотунда бөгөт чарасы боюнча арыздар каралып жатканда айтышты.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыровдун жубайы, өзүн Жаңыл деп тааныштырган айым "Азаттыкка" курган маегинде:

"Шарты өтө начар камераларга киргизип, психологиялык жактан басым жасап жатышат. Терезеси жабылбаган, ным, көк баскан, муздак… Отургузганга жараша шарт түзүп беришсин", - деп айтты.

Активист Атай Бейшенбек абактагылардын абалын куугунтук менен салыштырды:

“Куугунтуктун чегине жеткен түрүн көрүп жатабыз. Терезеси жабылбаган камерага түндө алып барып жаап жатышат. Эч айып таба алышпай, аягында ушинтип куугунтук кылып "оозуңду жабабыз" дегенге гана баратышат”.

Абактагы шартка байланыштуу айтылгандар боюнча комментарий алуу үчүн "Азаттык" Жаза аткаруу кызматына кайрылды. Азырынча жооп боло элек.

Быйыл 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган. Экөө үй камагында, калгандары Бишкектеги №1 тергөө абагында.

Кармалгандар – Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Асия Сасыкбаева, мурдагы депутаттар Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Азимбек Бекназаров, Орозайым Нарматова, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, укук коргоочу Рита Карасартова, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, активисттер Илгиз Шаменов, Улукбек Маматаев, Акылбек Айтбаев, Али Шабдан, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, Таалайбек Мадеминов, Атай Бейшенбек, Перизат Суранова, Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бузурманкулов, Жалал-Абад облусунун мурдагы жетекчиси Бектур Асанов, журналист Айданбек Акматов жана башкалар.

Бишкек шаардык сотунда 26-декабрда алардын бөгөт чарасы карала баштады. Саат 12:00гө карата Бектур Асановдун, Равшан Жээнбековдун, Атай Бейшенбектин, Чыңгыз Капаровдун жана Марат Баязовдун бөгөт чарасы каралып, баары тең камакта калтырылды.

Камактагылардын көбү нааразылык иретинде бир аптадан бери ачкачылык кармап жатышат.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп атап жатышат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG